Кыргызстанда дагы 13 кишиден коронавирус чыкты

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүЛаборатория "Гемотест" начинает делать тесты на COVID-19 в Симферополе
Лаборатория Гемотест начинает делать тесты на COVID-19 в Симферополе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта коронавирус жуктуруп алып, дарылоодон кийин сакайып үйүнө чыгарылгандар күн санап көбөйүүдө.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 13 киши коронавирус жуктуруп алганы анык болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди. 

Анын алтоо Бишкекте болсо, бирөө Ош шаарында, бирөө Ош облусунда, экөө Чүйдө, бирөө Нарында, дагы экөө Ысык-Көл облусунда катталды.

"Россиянын Соль-Илецк шаарында чек арада бир айдан бери кармалып турган жарандарыбыздын биринен табылды. Өлкөгө киргенден кийин лабораториялык анализ алынганда коронавирус чыккан. Экинчиси Новгород шаарынан келгенден кийин сыркоолоп, дарыгерге кайрылганда аныкталган. Анын үй-бүлө мүчөсүнүн дагы бирине жукканы белгилүү болду. Вирус жуктурган 13 кишинин үчөө медик, экөө Бишкекте болсо, бирөө Ош шаарында. Жалпы коронавирус жуктургандардын саны 695ке жетти", — деди Үсөнбаев. 

Ушу тапта Кыргызстанда абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0