Түндө түштүк тарапта жер эки ирет титиреди. Карта

© AFP / TED ALJIBEСейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив
Сейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер биринчи жолу саат 02:18де, экинчи жолу таңкы төрткө жакын силкинген. Кытай менен Кыргызстандын чек арасында күчү 5 балл деп катталган.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Түндө түштүк тарапта жер эки ирет титиреп, күчү кээ бир аймактарда 4 баллга жетти. Бул туурасында ӨКМ КРдин Сейсмология институтунун маалыматына таянып кабарлады.

Биринчиси саат 02:18де болуп, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жердин термелүүсү Аксы районунун Мундуз, Ак-Сай жана Сары-Кашка айылдарында катталган.

Ал эми экинчиси саат 03:51де Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагындагы очогунда катталып, күчү 5 баллга жеткен.

"Жердин силкинүүсү Алай районунун Көк-Суу айылында 4 балл, Нура айылында 3 баллга чейин сезилген", — деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0