Кыргызстанда дагы беш кишиден COVID-19 аныкталды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүБольница имени С. И. Спасокукоцкого готовится принимать пациентов с коронавирусом
Больница имени С. И. Спасокукоцкого готовится принимать пациентов с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен бир суткада 14 кишиден коронавирус табылды. Буга чейин бир бейтаптын каза тапканы айтылган болчу.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. 3-апрелде саат 10:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы беш учур катталып, сутка ичинде жалпы 14 адам болду. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Бир саат мурда 9 адам жуктурганы айтылган. Жалпы жонунан бир суткада 14 адамдан COVID-19 аныкталды.

Жалпы жонунан вирус тастыкталган 130 учур катталды. Анын ичинен айыккандардын саны бешөө болсо, бир адам көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0