11:13 01 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (881)
1292 0 0

Коронавируска кабылган 26 жарандын үй-бүлө мүчөлөрүнөн турган 154 киши обсервацияга жаткырылып, анализдери алынууда.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кечээ, 29-мартта, коронавирус жуктуруп алганы аныкталган 26 адамдын көбү өлкө ичинде жүрүп жуктуруп алган. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

“Булардын көбү мурунку ооруган кишилердин жанында жүргөн жакындары болуп жатат. Ошондуктан тышкы каттамдар жабылгандыктан жаңы учур келбейт. Ички байланыш аркылуу жуккандар көбөйүп жатат. Ошондуктан айтып кетерим, үйдөн чыкпай обочолонуп отурсак жакшы болот эле”, — деди министр.

Ал эми биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов ал 26 жарандын биринчи категорияда байланышта болгон үй-бүлө мүчөлөрү — 154 киши экенин айтты. Алардын баары обсервацияга жаткырылган, бүгүн анализдери чыгат.

Ал эми экинчи категорияда байланышкан адамдардын саны 1012 экенин билдирди.

“Экинчи категориядагы адамдарга жугуу кооптуулугу азыраак болуп жатканы байкалууда. Оору биринчи категориядагыларга жугуп жатат”, — деди Боронов.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны ушуну менен 94кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында. Ал эми бүгүн Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланды

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (881)
Белгилер:
үй-бүлө, коронавирус, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ