Токмокто Mercedes унаасын электр түркүгү басып калды. Жеринен тартылган видео

CC BY 2.0 / bizmac / Mercedes Benz E320Автомобиль марки Mercedes Benz E320
Автомобиль марки Mercedes Benz E320  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы Ленин көчөсүндөгү шаардык мончонун маңдайында болгон. Honda Step унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден качкан эмес.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кечээ күнү Токмок шаарында Mercedes үлгүсүндөгү унаа электр түркүгүн коюп кетти. Окуянын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Бишкектеги көчө бош калган өзгөчө абал үчүн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин бош калган көчөсүндө кырсыктаган унаалар. Видео
Сокку урулган түркүк унаанын үстүнө кулаган. Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, Mercedes үлгүсүндөгү унааны 29 жаштагы киши батыштан чыгышты көздөй айдап бара жаткан. Видеодон көрүнүп тургандай, айдоочу алдынан чыккан Honda Step Wagon унаасын буйтуп өтүүгө аракет кылып кырсыктаган. Эки айдоочу тең ооруканага баруудан баш тартышкан. Унаалар айып короого киргизилди.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0