УКМК элди дүрбөтүп жалган маалымат тараткан сайтты аныктады

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКомпьютер колдонуп жаткан адам. Архив
Компьютер колдонуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

БИШКЕК, 27-мар. – Sputnik. 25-март күнү чындыкка дал келбеген маалыматтарды жарыялаган The Asia Times маалыматтык сайты аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Белгилей кетсек, УКМК коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюу жана алдын алуу максатында интернет мейкиндигине мониторинг жана анализ жүргүзүп келет.

"Аталган сайт "Кыргызстанда эки адам коронавирустан каза болду" деген аталыштагы жалган маалымат таркатып, калк арасында паникалык маанайды жараткан", — дешти УКМКдан.

Факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 344-беренеси ("Билип туруп жалган маалымат таратуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0