WhatsApp аркылуу иш таап... Финпол финансылык пирамида түзгөн компанияны аныктады

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ведомстводон билдиришкендей, компания WhatsApp мессенджери аркылуу оңой жумуш жана жогорку маяна тууралуу жарнамаларды жиберип турган. Жумушка кирүү үчүн киши үч миң сом төлөшү керек болчу.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкекте финансылык пирамида аныкталып, аны түзүүгө "Айымдар ордосу" ишканасы шектелип жатат. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) кабарлады.

Телефондон сүйлөшүп жаткан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте "телефон террорчусунун" ким экени такталды. Маалыматты ал абактан тараткан
Ведомстводон билдиришкендей, компания WhatsApp мессенджери аркылуу оңой жумуш жана жогорку маяна тууралуу жарнамаларды жиберип турган. Анда жумушка киргиси келген адам үч миң сомдон ашык акча берүү, мындан тышкары, дал ушундай эле каражат жана белектерди алып келе турган башка кишилерди табуу талаптары жазылган.

"Жумуш берүүчүлөр" республиканын ар кайсы тарабынан акча алып туруу үчүн атайын банктык эсептерди ачкан. Ошол эле компания белектер ойнотулган акция жарыялап, "утулуп калгандарга акчасы кайтарылат" деп алдашкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Финполго бүгүнкү күндө аталган компанияга даттанып 30 чакты киши кайрылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0