Бишкекте маршрутка оодарылып, 10 адам жабыркады. Видео

© Sputnik / Жоомарт УраимовНарушение ПДД в Бишкеке
Нарушение ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы кечээ, 23-февралда, Москва менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бишкекте жеңил унаа менен кагышкан маршрутка оодарылып кетип, 10 адам жабыркады. Бул тууралуу Кайгуул милиция кызматынан билдиришти.

Окуя 23-февраль күнү саат 08:00дө Москва менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кырсыктын видеосу Telegram-каналдын "Короче" тайпасына жарыяланды.

Милициядан билдиришкендей, Mercedes-Benz Sprinter менен Mazda Demio кагышкан. Анын кесепетинен Улуттук госпиталга беш, Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна дагы беш адам кайрылган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0