Бишкекте ичип алган киши автоунаасы менен арыкка түшүп калды. Видео

Жазылуу
Автокырсык жекшемби, 23-февралда, саат 22:00дөн кийин Көлбаев көчөсүндө болгон. Учурда автоунаа атайын айып короодо токтоп турат.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Борбор калаада автокырсык болуп, Honda CR-V автоунаасы арыкка түшүп калган.

Видео "Короче" "Телеграмм" каналына жарыяланды.

Милициянын Кайгуул кызматынан Sputnik агенттигине автокырсык 23-февралда саат 22:00дөн кийин Көлбаев көчөсүндө болгонун тастыкташты. 46 жаштагы мас айдоочу рулду башкара албай калып, арыкка түшүп кеткен. Милициядан автоунаа учурда атайын айып короодо токтоп турганын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0