Бишкекте жеңил унаа кичи автобустун алдына кирип кетти. Видео

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуПоследствия ДТП с участием трех машин в Бишкеке
Последствия ДТП с участием трех машин в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсык бир нече саат мурда Уркуя Салиева менен Төрөкул Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жеринде кайгуул милициясынын кызматкерлери иштеп жатат.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Борбор калаада спорттук автоунаа жүк ташыган кичи автобустун алдына кирип кетти. Бул тууралуу Бишкектин Кайгуул милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 19-февраль күнү саат 15:40тар чамасында болуп, үч автоунаа кагышкан. Алар — Mercedes-Benz үлгүсүндөгү кичи автобус (90-жылдары чыккан), Mitsubishi GTO спорттук автоунаа жана азырынча үлгүсү белгисиз дагы бир машина.

Кырсык Салиева менен Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кайгуул милициясынын билдиргенине караганда, жабыркагандар жок. Ишти териштирүү максатында жеринде инспекторлор иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0