Бишкекте жол чийинден тайгаланып жыгылган жигитти машина коюп кетти. Видео

© Sputnik / Михаил ВоскресенскийЖолду өтүп жаткан адам. Архив
Жолду өтүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан жабыркаган 21 жаштагы жигит ооруканага баруудан баш тарткан. Автоунаа айып короосуна киргизилди.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкекте жол чийинден өтүп баратып тайгаланып жыгылган жигитти автоунаа коюп кетти.

Аталган окуя 7-апрель көчөсүндө болгон. Бул учурдун тартылып калган видеосу "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү.

Бишкек шаардык кайгуул милициясынын маалымат кызматы кырсыкка кабылган Toyota Camry автоунаасын 35 жаштагы аял башкарып бара жатканын билдирди. Ал эми жабыркаган жигит 21 жашта болгон.

Кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы келген, бирок жигит абалы жакшы экенин айтып, ооруканага баруудан баш тарткан. Автоунаа айып короосуна киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0