00:41 11 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR87.8362
  • RUB1.0922
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (174)
1786811

BMW автоунаасында курагы 19 жаштын тегерегиндеги төрт улан болгон. Nissan автокөлүгүн 31 жаштагы киши айдап бараткандыгы айтылды.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кишилер каза тапкан түндөгү автокырсыктан дагы бир жаш жигит Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилди.

Аталган борбордун кызматкерлери Sputnik Кыргызстанга ал жигит бир нече жаракаты менен комада жаткандыгын айтты.

Автокырсык 11-февралда 22.30дар чамасында Бишкек шаарынын четиндеги Ак-Ордо конушунда болгон. Анда Nissan менен BMW автокөлүктөрү кагышып, төрт адам көз жумган.

Бишкектеги Кайгуул милициясынан Sputnik Кыргызстанга төмөнкү жаштагы адамдардын каза болгондугун билдирди:

  • 31 жаштагы жаран, Nissan автоунаасынын айдоочусу;
  • 25 жаштагы аял, Nissan автоунаасынын ичинде болгон;
  • 19 жаштагы улан, BMW автоунаасын айдап бараткан;
  • 19 жаштагы улан, BMW автоунаасынын ичинде бараткан.

Булардын сырткары, BMW автоунаасынын ичинде бараткан 19 жана 18 жаштагы уландар да жаракат алган. Алдын ала берилген маалыматтарда машиналардын бири жолдун каршы тилкесине чыга калгандыгы айтылууда. Учурда тартип коргоо кызматкерлери ишти иликтөөгө алды.

Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (174)

Тема боюнча

Бишкекте болгон жол кырсыгынан төрт адам каза болду. Сүрөт
Белгилер:
өлүм, жол кырсык, Бишкек, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ