Коронавирус Кыргызстанга жетти деп уу-дуу түшүргөн жигит элге кайрылды. Видео

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи поножовщины в КР
Случаи поножовщины в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармак аркылуу фейк маалымат тараткан киши 11 жылдан бери Россиянын Москва облусунда иштейт. Ага бул билдирүү келгенде ал аны таратып жиберген.

БИШКЕК, 30-Янв. — Sputnik. КРдин аймагында коронавирус катталды деп жалган билдирүү тараткан адам элге анын катасын кайталабоо өтүнүчү менен кайрылгандыгын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин коронавирус Кыргызстанга жеткени боюнча фейк жаңылыкты мессенджерлер аркылуу тараткан жаран 27 жаштагы кыргызстандык киши экени аныкталды. Ал 2009-жылдан бери Москва облусундагы кампада товар таңгактап иштеп келет.

Ал өз кайрылуусунда 27-январда ага WhatsApp аркылуу Кыргызстанга коронавирус жетти деген аудио билдирүү сүрөтү менен келген.

"Бул билдирүүнү мен топтордун бирине тараткам. Ушундан улам ИИМдин кызматкерлери мени менен сүйлөшүү жүргүздү. Көрсө ал сүрөт Казакстандагы окутуу учурунда тартылган сүрөт экен. Менин катамды кайталап, жалган маалыматтарды таратпооңорду өтүнөм", — деди жигит.

ИИМ жарандарды жалган жана чагымчыл маалыматтарды тараткандар боюнча 102 номери аркылуу билдирип коюуга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0