Бишкекте эки автобус кагышып, кишилер жаракат алды. Сүрөт

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуДТП в районе улицы Фучика в Бишкеке
ДТП в районе улицы Фучика в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүргүнчү ташыган эки автобус 25-январда түш ченде борбор калаанын Рыскулов менен Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде кагышып кетти.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бүгүн Бишкектин батыш тарабындагы Фучик көчөсүнүн аймагында жүргүнчү ташыган эки автобус кагышты. Бул тууралуу маалыматты "Бишкек сегодня" Telegram тайпасына окуянын күбөсү салды. 

© Фото / Пресс-служба УПСМБишкектин батыш тарабындагы Фучик көчөсүнүн аймагында жүргүнчү ташыган эки автобус кагышты
Бишкекте эки автобус кагышып, кишилер жаракат алды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин батыш тарабындагы Фучик көчөсүнүн аймагында жүргүнчү ташыган эки автобус кагышты

Россиянын Челябинск облусундагы жол кырсык - Sputnik Кыргызстан
Элчилик: Россияда жол кырсыгынан көз жумган беш кишинин үчөө кыргызстандык
Кайгуул милиция башкармалыгынан автоунаа кырсыгы саат 13:30дар чамасында Фучик жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгондугун айтып беришти. Жабырлангандарды Тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.

Бул бүгүнкү күндүн эсебинен Бишкекте катталган экинчи автокырсык. Биринчиси болжол менен 11:15тер чамасында Жибек Жолу жана Эркиндик проспектисинин кесилишинде болгон. Анда жөө кишини өткөрөм деген автоунааны экинчиси артынан келип сүзгөн. Мунун кесепетинен биринчи автоунаада отурган аял киши жабыркаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0