https://sputnik.kg/20200125/bishkekte-eki-avtobus-kagyshyp-kishiler-zharadar-boldu-1046867675.html
Бишкекте эки автобус кагышып, кишилер жаракат алды. Сүрөт
Бишкекте эки автобус кагышып, кишилер жаракат алды. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Жүргүнчү ташыган эки автобус 25-январда түш ченде борбор калаанын Рыскулов менен Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде кагышып кетти. 25.01.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-01-25T16:34+0600
2020-01-25T16:34+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104686/73/1046867371_0:712:2048:1870_1920x0_80_0_0_7796f1f3229e83a3f8d2fdb23317100d.jpg
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104686/73/1046867371_0:647:2048:1935_1920x0_80_0_0_a7079b7d2d1a0648e36405a24a727f12.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, бишкек, 2020-жылдын башынан бери кыргызстанда болгон жол кырсыктар
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, бишкек, 2020-жылдын башынан бери кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Бишкекте эки автобус кагышып, кишилер жаракат алды. Сүрөт
16:34 25.01.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Жүргүнчү ташыган эки автобус 25-январда түш ченде борбор калаанын Рыскулов менен Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде кагышып кетти.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бүгүн Бишкектин батыш тарабындагы Фучик көчөсүнүн аймагында жүргүнчү ташыган эки автобус кагышты. Бул тууралуу маалыматты "Бишкек сегодня" Telegram тайпасына окуянын күбөсү салды.
Кайгуул милиция башкармалыгынан автоунаа кырсыгы саат 13:30дар чамасында Фучик жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгондугун айтып беришти. Жабырлангандарды Тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.
Бул бүгүнкү күндүн эсебинен Бишкекте катталган экинчи автокырсык. Биринчиси болжол менен 11:15тер чамасында Жибек Жолу жана Эркиндик проспектисинин кесилишинде болгон. Анда жөө кишини өткөрөм деген автоунааны экинчиси артынан келип сүзгөн. Мунун кесепетинен биринчи автоунаада отурган аял киши жабыркаган.