Бишкекте маршрутка алдында калып каза болгон аял. Иш кайсы стадияда

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота маршрутного такси в Бишкеке
Работа маршрутного такси в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каргаша 25-декабрь күнү Бишкектеги Байтик баатыр менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол жээкте болгон.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы эл ташыган маршрутканын алдында калып каза болгон аялдын иши боюнча экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Работа маршрутного такси в Москве - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте маршрутка бакты сүзгөн учур видеого түшүп калган
Каргаша өткөн жылдын 25-декабрь күнү Бишкектеги Байтик баатыр менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Күбө жөнөткөн видеодон аял маршруткадан түшүп жатып, тайгаланып кулаганын көрүүгө болот. Дал ошол маалда дароо жүрүп кеткен маршруткага урунган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат. Жазык кодексинин 297-беренеси ("Автотранспорт каражаттарынын кыймылы жана эксплуатациялоо коопсуздук эрежелерин бузуу") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Маршрутканын айдоочусу кармалган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0