13:02 22 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (55)
2504 0 0

3-январь күнү саат 07:50лөр чамасында Панфилов менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде Кайгуул милициясынын унаасы жол кырсыгына кабылган. Окуянын видеосу Telegram каналындагы "Короче" тайпасына жарыяланды.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Видеодо көрүнүп тургандай, Кайгуул милициясынын унаасы жолдогу экинчи сызыктан бурулуп баратканда, каршы тилкеде келе жаткан унаа аны сүзүп кеткен.

ЖКККББдан билдиришкендей, Кайгуул милициясынын унаасы Lada Priora үлгүсүндөгү жеңил авто менен кагышкан. Ведомство күбөнүн "эки унаа тең Кайгуул милициясыныкы болчу" деген сөзүн четке какты.

Жабыркагандар жок, кырсыктын себеби такталып жатат.

Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (55)

Тема боюнча

Бишкекте Тез жардам унаасы катышкан жол кырсыктын чоо-жайы
Бишкекте Кайгуул милициясынын унаасы кырсыктады. Сүрөт
Белгилер:
видео, милиция, жол кырсыгы, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ