Жол четинде турган. Милиция аялды маршрутка сүзүп кеткен кырсыктын чоо-жайын айтты

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүОбработка дорог противогололедными реагентами в Москве
Обработка дорог противогололедными реагентами в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Чогултулган материалдар Бишкек ШИИБдин кырсыктар боюнча тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Борбор калаада маршрутка сүзүп кеткен аял жолдун четинде турган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматы кабарлады.

Массововая авария на автодороге между Пушкиным и Шушарами под Санкт-Петербургом - Sputnik Кыргызстан
Новосибирскиде 2 кыргызстандык каза болду. Үрөй учурган автокырсыктын видеосу
Буга чейин Байтик баатыр менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде маршрутка айдоочусу эртең менен жөө аялды сүзүп, ал каза болуп калган. Окуя болгон жерге милиция менен медиктер барган.

ЖКККББнын маалыматына ылайык, №164 маршрутканын 41 жаштагы айдоочусу Байтик баатыр көчөсү менен түштүк тарапты көздөй бара жатып, унаасын башкара албай калган.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, маршрутка айдоочусу жол четинде турган аялды сүзүп кеткен. Жыйынтыгында болжол менен 40-50 жаштагы аял алган жараатынан эсине келбей жан берген", — деп жазылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Чогултулган материалдар Бишкек ШИИБдин кырсыктар боюнча тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0