Окуучулардын майрамы учурунда урап түшкөн шып. Аким эмне дейт?

© Sputnik / Алексей Филиппов"Вологда – новогодняя столица России"
Вологда – новогодняя столица России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва районунун акиминин айтымында, мектеп эски жана чатырын оңдоо керек. Кокустук иштеп жаткан динамикадан болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Москва районунун Александровка айылындагы мектептин шыбынын бир бөлүгү окуучулардын майрамы болуп жаткан маалда түшүп кеткенин аким Өмүр Ногоев билдирди.

Анын айтымында, мектеп 1962-жылы курулган.

Жергиликтүү ЖМКлардын жазышынча, окуя бүгүн түштө болгон. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес.

Аким жакында эле чатырын оңдоо чечими кабыл алынганын билдирди. Жаңы жылга чейин тендер өткөрүү пландалууда.

"Ремонтко даярданып жатканбыз, бирок жаңы жылдык майрам залда өткөрүлгөн. Балким музыка катуу чыгып, ал жактагылар бийлегенден улам шып түшүп кетиши ыктымал. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган жок. Майрам дароо токтотулду. Эртең башка жер караштырабыз", — деди аким.

Ал өз сөзүндө оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча чечим окуя болгонго чейин кабыл алынганын кошумчалады.

Чүй облустук милициясы аталган окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0