Атамбаев дагы бир кылмыш иш боюнча айыпталууда

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVСитуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
Ситуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Слесарев ошондой эле сот иштерине мурдагы президенттин катышпай эле коюусу боюнча өтүнүч келтире турганын кошумчалады.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тергөөгө тоскоолдук кылды деп айыпталууда. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш тергелип жатканда Атамбаевдин суракка баруудан баш тартуусу ушундай айып тагууга негиз болгонун айтты.

"Айыптоо боюнча билдирүүдө тергөөчүнүн талаптарын аткарбоо боюнча беренени кошумча киргизишти", — деди ал.

Слесарев ошондой эле сот иштерине мурдагы президенттин катышпай эле коюусу боюнча өтүнүч келтире турганын кошумчалады. Себеби Атамбаев ага карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгонун айтып, ага каршылык иретинде суроолорго жооп берүүдөн баш тартууда.

Батукаевдин иши

Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу деп бошотулуп, Кыргызстандын аймагынан Грозныйга учуп кеткен.

Ситуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев сотко келүүгө кандайча макул болгонун адвокаты айтып берди
2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген.

Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камакка алынган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташмай болду деген жүйө менен үй камагына чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0