Алмазбек Атамбаев сотко келүүгө кандайча макул болгонун адвокаты айтып берди

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСитуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
Ситуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот отуруму бүгүн, 29-ноябрь, саат 15.00гө белгиленген. Атамбаевдин жакындарынын айтымында, алар сот процесси тууралуу алдын ала билишкен эмес.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 29-ноябрда, Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча Биринчи Май райондук сотуна алып келинген.

Мурдагы президент буга чейин сотко келүүдөн эки ирет баш тарткан болчу. Бирок мунусунда сотко келүүгө эмне себеп болгонун анын адвокаты Замир Жоошев журналисттерге айтып берди. 

"Сот отуруму саат 15.00гө белгиленген. Ошол убакытка алып келишиптир. Алмазбек Шаршеновичтин айтымында, камерага жаш кызматкерлерди киргизишиптир. Эгер "барбайм" десе, күч колдонууга туура келмек экен. Мындан улам жаш балдарды улуу кишинин алдында ыңгайсыз абалда калтырбаш үчүн макул болуптур. Негизинен мажбурлоо жолу менен алып келинген деп айтсак болот", — деди Жоошев.

Бүгүнкү сот отурумуна Атамбаевдин жакын туугандары да келди. Анын кичүү уулу Кадыр Атамбаев атасы так бүгүн сотко алып келинерин алдын ала билбегенин, жарым саат мурда угуп эле шашып келгенин айтты.

Батукаевдин иши

Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу деп бошотулуп, Кыргызстандын аймагынан Грозныйга учуп кеткен.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кадыр Атамбаев: атамды сотко бүгүн алып келишерин билген эмеспиз
2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген.

Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камакка алынган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташмай болду деген жүйө менен үй камагына чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0