Мирная акция против коррупции и воровства у здания Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан

Бишкекте уюштурулган митинг кандай өттү. Сүрөт, видео

Жазылуу
Социалдык тармакта бүгүн, 25-ноябрда, Бишкекте жемкорлукка каршы тынчтык митингин өткөрүү боюнча чакырыктар тараган.

Буга чейин Кыргызстандан ири суммадагы акчалардын мыйзамсыз чыгарылышы боюнча журналисттик иликтөө жарыяланган. Анда коррупциялык схеманы түзгөндөрдүн бири катары Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун ысымы аталган. Интернет колдонуучулар Ак үйдүн алдына келип эл ырыскысын жегендерди жазалоо талабын коюшарын айтышкан.

 

Виджет news
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
13:44 25.11.2019
13:37 25.11.2019

Бабанов өз кайрылуусунда анын атын карагалысы келгендер түрдүү аракеттерди көрүп жатканын айтып, эки жылдан бери эч кандай саясий окуяларга аралашпай келе жатканын билдирди.

"Мен бир гана ишкерлик менен алектенип жатам", - деди Бабанов.

13:32 25.11.2019

Кабарчыбыздын жеринен маалыдашынча, тынчтык митингине чогулгандардан 30-40тай эле адам калды.

Мирная акция против коррупции и воровства у здания Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
13:28 25.11.2019

Каракол шаарында бүгүн, 25-ноябрда, коррупцияга каршы тынчтык акциясы өттү. Анда алгач тургундар акцияны уюштуруу боюнча тийиштүү органдарга облустук администрациянын имаратынын алдында уюштурабыз деп кайрылган. Бирок бүгүн, 25-ноябрда, соттун чечими чыгып, тынчтык митинги ал жерде жайгашкан окуу жай, үй-бүлөөлүк даарыгерлер тобунун ишине тоскоолдук жаратат деп, шаардык стадиондо өткөрүүгө уруксат берилген.
Анда тургундар алгач өкүлчүлүктүн алдына топтолуп, андан кийин шаардык стадионго жүрүш жасашты.
"Биз жаран катары өзүбүздүн укугубузду коргоп чыктык. Биздин бир эле талабыбыз коррупцияга каршыбыз"- дейт активисттердин бири Мира Абдраимова.

13:01 25.11.2019

Модератор элди тароого чакырганына жарым саат болду. Көбү кетип, азыр 200дүн тегерегиндеги киши калды.

Мирная акция против коррупции и воровства у здания Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
12:58 25.11.2019

Митингдин катышуучулары "Райым Матраимовду кармоого", "Коррупционерлерди сот жообуна тартууга" жана "Чыныгы реформаларды өткөрүү" боюнча үч талапка макул экенин айтып, кол чогултушууда.

Мирная акция против коррупции и воровства у здания Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
12:54 25.11.2019
12:47 25.11.2019

ЖМКнын өкүлдөрү да көп келгенин байкоого болот. Учурда журналисттер катышучуулардын пикирин угуп, интервью алышууда.

12:45 25.11.2019

Митингге келгендердин катары суюла баштады. Бир бөлүгү кетти. Калганы Апрель коогалаңында каза болгондорго арналып коюлган эстеликтин жанында турушат.

12:44 25.11.2019
12:37 25.11.2019

Кабарчыбыздын жеринин маалымдашынча, эл тарагысы келбей турат. Уюштуруучулар провокация болуп кетпесин деп кайрылууда. Ошондой эле ар кандай урааны менен башка нукка бурууга аракет кылгандар болууда деп эскертүүдө.

12:31 25.11.2019

Уюштуруучулар чогулгандарды тароого үндөп, таштандыларды чогулта кетүүгө чакырышууда.

Мирная акция против коррупции и воровства у здания Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
12:27 25.11.2019

Кабарчыбыздын жеринен билдиришинче, митингге чогулгандар акырындык менен тарай баштады.

12:09 25.11.2019

Маалыматтар боюнча тынчтык митингине 500дөй киши келген.

12:08 25.11.2019

Текшерүүнүн натыйжасында Кыргызстандан 700 миллион доллардын чыгарылып кеткени анык болгон. Бул тууралуу коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйында билдирди.

Ал май айынын аягында журналисттик иликтөө чыгып, анда Саймаитинин 700 миллион доллардын чыгарылышына тиешелүүлүгү айтылганын эске салды. Бул иш боюнча Финпол иштей баштап, ишкер салык төлөөдөн баш тартканы үчүн издөөгө алынган.

11:57 25.11.2019

Кабарчыбыздын жеринен билдиришинче, чогулгандар "Ак үй" тарапты көздөй басышты.

11:55 25.11.2019

Чогулгандар өз ураандары менен талаптарын айтышты. Митингчилер "Райым камалсын!", "Уурулар түрмөгө" "Реалдуу реформа" деп кыйкырууда.

11:51 25.11.2019

Чогулгандар Апрель баатырларына арналып коюлган монументке гүл коюшууда.

Мирная акция против коррупции и воровства у здания Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
11:50 25.11.2019

Кабарчыбыздын жеринен билдиришинче, тынчтык митингине чогулгандар тарапка милиция кызматкерлери келди

11:48 25.11.2019
Мирная акция против коррупции и воровства у здания Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
11:43 25.11.2019

Чогулгандар Кыргызстандын гимнин ырдап жатышат.

11:41 25.11.2019
Мирная акция против коррупции и воровства у здания Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
11:39 25.11.2019
Мирная акция против коррупции и воровства у здания Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
11:37 25.11.2019

Тынчтык митингине Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да келди.

Мирная акция против коррупции и воровства у здания Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
11:36 25.11.2019

Эл Апрель окуясынын курмандыктарына багышталып салынган монументтин жанына чогулууда.

11:35 25.11.2019

Чогулган эл

Мирная акция против коррупции и воровства у здания Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
11:32 25.11.2019

Борбордук "Ала-Тоо" аянтына эл чогулууда. Алар колдоруна Райым Матраимовдун элеси түшүрүлүп, ылдый жагына "Камалсын" деген жазуучу бар транспаранттарды көтөрүп алышкан.

Мирная акция против коррупции и воровства у здания Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жаңылыктар түрмөгү
0