00:40 22 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
4119 0 0

Автобустун айдоочусу каза тапты. Ал 67 жүргүнчү менен келе жаткан. Аймакка жакын жайгашкан ооруканалар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. "Короче" Телеграмм-каналы Казакстандын Алматы облусундагы поезд менен жүргүнчү ташыган автобустун кагышуусунан кийинки абал тартылган видеону жүктөдү.

Кадрдан темир жолдун жанында талкаланган автобусту, поездди жана кишилердин тобун көрүүгө болот. Жерде жаткан эркектин жанында бир аял ыйлап отурат.

Sputnik Казакстан агенттигинин берген алдын ала маалыматы боюнча, үрөй учурган кырсыктан тогуз киши жабыркаган

Окуя болгон жерге барган тез жардамдын саны жетиштүү экени айтылды. Карасай районунун акими Жандарбек Далабаев да келген. Жакын жайгашкан ооруканалар күчөтүлгөн тартипке өтүштү. Өзгөчө кырдаалдардын облустук департаментинде ыкчам штаб түзүлүп, атайын операция жүргүзүлүүдө. Жабырлануучуларга медиктер менен куткаруучулар жардам көрсөтүп жатышат.

Белгилей кетсек, каргаша 15–сентябрь күнү болжол менен саат 19.20да Аксенгир — Шамалган темир жолунда болгон. Автобустун айдоочусу каза тапканы кабарланды. Ал 67 жүргүнчү менен келе жаткан.

Тема боюнча

ШИИБ: Бишкектеги жол кырсыгы төрт жигиттин өмүрүн алды
Белгилер:
кырсык, өзгөчө кырдаал, автобус, поезд, темир жол, Казакстан, Алматы

ЭҢ МААНИЛҮҮ