Милиция: Оштун вице-мэри шаардын чок ортосунда мас абалында унаа айдап бараткан

© Фото / сайт мэрии города ОшВице-мэр города Ош Жасур Азимов
Вице-мэр города Ош Жасур Азимов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриянын маалымат катчысы окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлөрүн кабарлады.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Автоинспекторлор мас абалында унаа башкарып бара жаткан Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовду токтотуп, унаасын айып короого киргизди. Бул туурасында Ош шаардык Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Инспекторлор вице-мэрди 24-августта кечинде борбордук аянтка өтүүгө тыюу салынган жол менен киргени үчүн токтоткон.

Бул боюнча мэриянын маалымат катчысы окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлөрүн кабарлады.

"Окуя дем алыш күнү кечинде болгон. Вице-мэр мас абалда экендигин мойнуна алып, жол коопсуздугун караган милиция кызматкерлерине эч кандай каршылык көрсөткөн эмес. Мыйзамга баш ийип, наркологияга барган. Автоунаасын милиция кызматкерлерине өткөрүп берип кеткен. Ал автоунааны өзү башкарып жүрбөгөнүн, бирок өзүнө таандык унаа экендигин айтты", — деди маалымат катчы.

Ал эми вице-мэрди видеого тартып, интернетке тараткан милиция кызматкеринин иш-аракетине ИИМдин ички иликтөө кызматы баа берет деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0