17:18 23 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Жолду өтүп бараткан бала. Архив

Бишкекте жөө адамдар өтүүчү чийинден автоунаа 9 жаштагы баланы сүзүп кетти

© Sputnik / Алексей Мальгавко
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (221)
196 0 0

Кырсык Юнусалиев менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Борбор калаада жөө адамдар өтүүчү чийинден автоунаа 9 жаштагы баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.

Укук коргоо органдарынын маалыматында, кырсык 23-август күнү саат 13:10дор чамасында Юнусалиев (мурдагы Карл Маркс) менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

"VW Transporter үлгүсүндөгү кичи бустун 29 жаштагы айдоочусу Юнусалиев көчөсү менен түштүк тарапты көздөй баратып, жөө адамдар өтүүчү чийинден 9 жаштагы баланы коюп кеткен. Жабыркаган өспүрүм №3 балдар ооруканасына жеткирилген", — дешти милициядан.

Топтолгон материалдар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кырсыктары боюнча тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Унаа айып короого токтотулду.

Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (221)

Тема боюнча

Калтырап кеттим. Пермде кырсыктаган автобустан элди алып чыккан кыргыз таксист
Белгилер:
өспүрүм, жол кырсыгы, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ