Көлдөгү жол кырсыктан бир кыз каза болду. Тамтыгы чыккан унаанын видеосу

© AFP / Hendrik Schmidt / dpa Последствие сильного ветра в Лейпциге
Последствие сильного ветра в Лейпциге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулду башкара албай калгандыктан жолдон чыгып, даракты сүзгөн.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө унаа даракты сүзүп, анын кесепетинен 21 жаштагы кыз каза тапты. Бул тууралуу облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Facebook тармагына жарыяланган видеодон кишилер жабырлануучуларды сыртка алып чыгууга аракет жасап жатканын көрүүгө болот.

Окуя 22-июнь күнү Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунун 152-чакырымында болгон.

"Долинка айылында жол кырсыгы катталганы тууралуу маалымат Тез жардам кызматына саат 20.00дөр чамасында түшкөн. Жерине укук коргоочулар барып, Mercedes-Benz E230 үлгүсүндөгү унаанын 26 жаштагы айдоочусу жолдон чыгып кетип бакты сүзгөнүн көрүшкөн", — деп айтылат маалыматта.

Унаанын салонунда эки кыз болгон. 21 жаштагы бишкектик кыз каза тапса, экинчиси ооруканага жеткирилген. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тийиштүү экспертиза дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0