Санкт-Петербургда дубал басып калган кыргызстандык киши каза болду

© Sputnik / ГУ МЧС России по Сахалинской области / Медиабанкка өтүүПоследствия циклона на Сахалине
Последствия циклона на Сахалине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандын сөөгү урандынын алдынан 26-апрелде чыгарылган.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарындагы мейманканалардын биринин имаратын бузуу маалында 36 жаштагы кыргызстандык кокустуктан урап кеткен топурактын алдында калып каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Окуя болгон жерге Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы ардактуу консулу барган.

"Каза болгон жаран Ош облусунун Кара-Суу районунун 1982-жылы 9-апрелде туулган тургуну Н.О. экендиги такталган", — деп айтылат маалыматта.

Жарандын сөөгү урандынын алдынан 26-апрелде чыгарылган. Азыркы кезде элчиликтин Санкт-Петербургдагы консулдугу маркумдун туугандарына керектүү жардамдарды көргөзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0