Бишкектин Панорама аймагындагы тоонун боорунан эркек кишинин сөөгү табылды

Жазылуу
Сөөк тууралуу маалымат алгач милицияга түшкөн.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылынын Панорама тилкесинде тоонун боорунан эркек кишинин сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, маркум 42 жашта экени анык болгон. Сөөк тууралуу кабар алгач милицияга түшкөн.

Окуя болгон жерге ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруучулары тартылып, сөөктү тоодон түшүрүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0