21:45 19 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.0539
  • RUB1.0807
 Бишкекте Тазалык ишканасынын кызматкери. Архивдик сүрөт

Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерин машина 20 метрге ыргыта сүзүп, ал каза болду

© Фото / пресс-служба МП "Тазалык"
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (111)
650 0 0

Алдын ала маалымат боюнча машина катуу ылдамдык менен келе жаткан.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Бишкекте "Тазалык" ишканасынын 36 жаштагы кызматкерин машина уруп кетип каза болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, окуя 14-мартта саат 20:00дөр чамасында болгон. Маркум жарыкка чагылуучу тасмасы бар кийимин кийип, өзүнө бөлүнгөн аймакта иштеп жаткан. Андан сырткары, аталган жол тилкеси жарыктандырылган болчу.

"Алдын ала маалымат боюнча машина катуу ылдамдык менен келе жаткан. Анткени каза болгон кызматкер 20 метрдей учуп кеткен", — деп маалыматта айтылат.

Кишини сүзүп кеткен айдоочу кармалганын мэриядан кабарлашты.

Маркум Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. Үй-бүлөсү менен Тынчтык конушунда жашап жаткан. Жубайы да "Тазалык" ишканасында иштейт.

 

Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (111)

Тема боюнча

Бишкекте Тез жардам унаасы катышкан жол кырсыктын чоо-жайы
Бишкекте чак түштө жол ортосунан мушташа кеткен айдоочулардын видеосу
Белгилер:
Бишкек мэриясы, жол кырсыгы, МП "Тазалык", Бишкек, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ