ОШ, 25-фев. – Sputnik. Ош шаарында 35 жаштагы жубайын сабап өлтүрүүгө шектелген киши камакка алынды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, окуя 2019-жылдын 19-февралында болгон.
"Шектүү чырдашкан учурда мас болгон. Маркум 19-февралда каза болгону менен күйөөсү Тез жардам кызматын, милиция органдарын чакырган эмес. Милицияга маалымат эки күндөн кийин, 21-февраль күнү түшкөн", — деп айтып берди Сыдыков.
Тартип коргоо органдарынан андан эмне себептен аялынын ѳлүмү тууралуу милицияга маалымат бербей жата бергендигин сураган.
"Грипп болуп ооруп, билдиргенге мүмкүнчүлүгү болбой калган", — деп жооп берген ал.
Шектүүгө Жазык кодексинин 138-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Ош шаардык соту тергѳѳ мѳѳнѳтү аяктаганга чейин аны эки ай абакта кармоо чечимин чыгарды.