БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов проспектисинде, "ШампанВинКомбинаттын" жанында жолтандабас эки кызды коюп кетти. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.
Кырсык бейшемби күнү, 21-февралда, саат 13.30дар чамасында окуучулар жөө адамдар өтө турган чийинде кетип баратканда болгон.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кырсык болгонун ырасташты.
"Lexus LX470 үлгүсүндөгү унаа Славян туюк көчөсүнөн Айтматов проспектисин көздөй баратып эки өспүрүм кызды коюп кеткен. Жабырлануучулар ооруканага жеткирилди. Күбөлөрдүн айтымында, алар жол чыракты карабастан чуркап бараткан", — дешти милициядан.
Жерине инспекторлор барып териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Айдоочу качкан эмес, ал көрсөтмө берүүдө.