БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Футбол боюнча Япония менен Ирандын курама командаларынын беттешинде күнчыгыштыктар 3:0 эсебинде жеңип, Азия кубогунун финалына чыкты.
Континеттин биринчилиги Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жатат. Кечээ жарым финалга чыгуучулар арасында беттеш Аль-Айн шаарындагы "Хаза Бин Зайед" стадионунда өттү.
Жеңиш алып келген топту германдардын "Вердер" командасына ойногон чабуулчу Юйя Осако жана форвард Генки Харакути киргизди.
Оюндан кийин Иран командасынын машыктыруучусу Карлос Кейруш оставкага кетерин жар салды. Экинчи финалист (Бириккен Араб Эмирлиги — Катар) бүгүн, 29-январда, аныкталат. Финал 1-февралда болот.
Эске салсак, Азия кубогуна Кыргызстан катышып, татыктуу оюн өткөрүп келген. 1/8 финалга чыккан кыргыз футболчуларынын беттешине күйөрмандар ыраазы экендиктерин билдирип, аларды чоң салтанат менен тосуп алган.