Сокулукта майыптардын тигүүчү машиналары менен үтүктөрү уурдалды

© Sputnik / Нургуль МаксутоваТигүүчү. Архив
Тигүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Техниканы тигүү цехинен алып кетишкен.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Сокулук айылындагы майыптар иштеген цехтердин биринен тигүүчү машиналар менен үтүктөр уурдалганын Чүй милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 14-январга караган түнү болгон. Тигүүчү жай жер төлөдө жайгашып келгени айтылды.

"Белгисиз адамдар эшиктин кулпусун талкалап киришкен. Беш тигүүчү машина жана эки үтүк алып кеткени белгилүү болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерди тинтип, цехтин жумушчулары менен сүйлөштү. Уурулук фактысы каттоого алынып, баштапкы тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0