06:01 09 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Балдарга зомбулук көрсөтүү. Архивдик сүрөт

Былтыр 6 наристе туугандарынын колунан ажал тапкан. Статистика

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
120 0 0

Жалпы жонунан балдар жана өспүрүмдөргө карата 1473 кылмыш жасалган.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Былтыр балдардын зомбулук көргөн 136 учуру катталганын Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, балдарга жана өспүрүмдөргө карата ар кыл мүнөздөгү 1473 кылмыш жасалган. Анын ичинде уурулук, каракчылык, шылуундук, денесине залака келтирүү жана адам өлтүрүү да бар.

"2018-жылы жашы жете элек балдар киши колдуу болгон 13 факты катталган. Анын жетөө туугандарынын колунан ажал тапкан. Арасындагы алтоо үч жашка чейинки наристелер", — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ балдарга үй-бүлө ичинде, мектепте жасалган зомбулуктун алдын алуу жана социалдык жактан оор абалдагы өспүрүмдөргө жардам берүү үчүн 2018-жылы министрликтин атайын токтому чыкканын белгиледи.

Бүгүнкү күндө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү ата-эненин камкордугусуз калган жеткинчектерди, ошондой эле ички жана тышкы мигранттардын балдарын аныктоо үчүн иштеп жатышат.

Тема боюнча

Жумгалда бир үй-бүлөнү мыкаачылык менен өлтүргөн шектүүнүн сүрөтү жарыяланды
Үч жашар кызын ит сымал кордоп, муунткан. Балдар үйүн ачкан аялдын баяны
Нанды сурабай жегени үчүн таякталган. Акыйкатчы сабалган кыздан кабар алды
Белгилер:
зомбулук, бала, ИИМ, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ