22:39 19 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR77.7592
  • RUB1.1348
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Азимкан Жусубалиевдин кармалышы (23)
243 0 0

Калиловдун жумуштан кетүү боюнча арызы канааттандырылган.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кызматынан бошотулган транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов орун басарынын пара алуусу боюнча күбө катары сурак берди. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сагынбек Исмаилов билдирди.

Эскерте кетсек, 5-декабрь күнү 50 миң доллар алып жаткан жеринен транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев кармалган. Акча жол куруу үчүн жарыяланган тендерден керектүү жыйынтык чыгаруу үчүн берилген.

Ошол кездеги министр Жамшитбек Калилов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына орун басарынын коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин билгенин, бирок буга далили жок болуп келгенин айтып берген. 

15-декабрда Калилов кызматынан кетүү боюнча арыз берип, анын негизинде президент Сооронбай Жээнбеков Жарлыкка кол койгон

"Калилов бардык жоопкерчиликти орун басарына оодарып койду. Министр минтпеши керек. Анан да орун басарынын мындай иштерге тиешелүүлүгү тууралуу мурун эле билип жүргөнүн айтканын кандай түшүнүүгө болот?" — деп суроо салды Исмаилов.

Кызматтын жетекчиси тергөө жүрүп жаткандыктан башка маалымат бере албай турганын белгиледи.

Тема:
Азимкан Жусубалиевдин кармалышы (23)

Тема боюнча

Жээнбеков министр Калиловду кызматынан бошотту
Жамшитбек Калилов: министр болуп иштөөгө менин моралдык укугум жок. Видео
Бүт дүйнөгө уят болдук! Президенттин министр Калиловду зекиген видеосу
Белгилер:
сурак, пара берүү, Азимкан Жусубалиев, Жамшитбек Калилов

ЭҢ МААНИЛҮҮ