Ошто таштанды жайдан жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды

© Фото / пресс-служба УВД города ОшТело новорожденного обнаружили на мусорном полигоне в Оше
Тело новорожденного обнаружили на мусорном полигоне в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда укук коргоочулар ымыркайдын энесин издеп жатышат.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Ош шаарынын таштанды жайынан жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, ымыркайдын сөөгү 13-декабрь күнү саат 14.40тар чамасында болгон.

"Таштанды жайдан темир-тезек чогулткан аялдар коробка таап алып, ичинде ымыркайдын сөөгү бар экенин көрүшкөн. Үстү аялдын көйнөгү менен жабылган экен", — дешти милициядан.

Таштанды жайга оперативдүү топ ошол күнү жөнөп тегерек-четин изилдеген. Учурда ымыркайдын энесин табуу үчүн тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0