Зордуктоого аракет кылганбы? Таксист унаасынан түшүрбөй жаткан кыз табылды

Жазылуу
Окуя 24-ноябрь күнү болжол менен түнкү саат 1.30дарда борбор калаанын түштүк кичирайондорунун аймагында болгон.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Укук коргоо органдары таксист Honda Fit үлгүсүндөгү унаасынан түшүрбөй кармап турган кызды табышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.

Суд над бывшим президентом Сальвадора Элиаса Антонио Саки - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ: Honda Fit унаасынан кызды ыйлатып түшүрбөй жаткан таксист кармалды
Маалыматка ылайык, жабырлануучу арыз менен кайрылган.

Эскерте кетсек, кечээ Instagram тармагына Honda Fit унаасынан кызды түшүрбөй ыйлатып жаткан таксист тууралуу видео жарыяланган. Жардамга келген кишилерди көрүп, жүргүнчү кыз унаадан түшүп чуркап кеткендиктен окуянын чоо-жайын билүүгө мүмкүн болгон эмес.

Кийин Бишкек шаардык милициясы айдоочуну кармаган. 

"Милиция кызматкерлери кыздын өзүн таап, ал таксисттин үстүнөн арыз жазды. Жабырлануучунун айтымында, айдоочу аны зордуктоого аракет кылган", — дешти милициядан.

Маалым болгондой, окуя 24-ноябрь күнү саат 1.30дар чамасында шаардын түштүк тарабындагы кичирайондордун биринде болгон.

Аталган факты боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 28, 129-беренелери ("Зордуктоого аракет") боюнча кылмыш иши козголуп, 49 жаштагы шектелүүчү убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0