Эки Tiko уурдап, такси катары айдаган. Ошто 15 жаштагы өспүрүм кармалды

Жазылуу
Шектүү күнөөсүн моюндап, унаалар кайда экенин көрсөтүп берди.

ОШ, 13-ноя. – Sputnik. Ош шаардык милициясынын Сулайман-Тоо бѳлүмүнүн кызматкерлери эки унааны уурдоого шектелген 15 жаштагы Д.М. аттуу өспүрүмдү колго түшүрдү. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Ош шаарынын 33 жаштагы тургуну Daewoo Tiko үлгүсүндөгү унаасын базардан уурдатып жибергенин айтып арыз жазган.

Режиссер, народный артист СССР и Кыргызстана Болот Шамшиев - Sputnik Кыргызстан
Режиссер Болот Шамшиевдин унаасын уурдап кетип, өрттөп жиберишкен
Ушундай эле мазмундагы арыз менен 23 жаштагы жаран да кайрылган. Ал үйүнүн жанында токтоп турган Daewoo Tiko автосун белгисиз адам уурдап кеткенин билдирген.

Иликтѳѳ иштеринин натыйжасында эки унааны уурдаган деген шек менен 15 жаштагы өспүрүм кармалды. Ал өз көрсөтмөсүндө автолорду башка ачкыч менен ачып, эки унааны тең бир түндө такси катары айдап жүргөнүн айтып берген. Андан соң машиналарды шаардан сырт ээн талаага таштап салган.

Шектүү укук коргоочуларга эки унааны тең көрсөтүп берди. Учурда башка бирөөнүн кыймылдуу мүлкүн ээлеп алуу боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүнүн баш коргоо чарасы каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0