12:53 16 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.1798
  • EUR80.0687
  • RUB1.0522
Тез жардам жана милиция кызматкерлери. Архив

Бишкекте жөө аялды BMW сүзүп, айдоочусу качып кетти. Сүрөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
252 0 0

Аял башынан жаракат алып ооруканага жаткырылды.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкекте Медеров менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу жөө адамды коюп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирип, WhatsApp каналы аркылуу сүрөт жиберди. 

Анын айтымына караганда, жабыркаган аял унаалар өткөн жолдо жаткан. Окуя шаршемби күнү саат 20.50дө болгон. 

Бишкек ШИИБдин ЖКККББсы аталган фактыны тастыктап, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткенин маалымдады. 

“Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат. Күбөлөрдүн айтымында, аялды BMW үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен. Жабырлануучу 50-55 жаштар чамасында”, — деп милициядан билдиришти.

Аял ооруканага жеткирилген. Ал эми күнөөкөр милиция тарабынан изделип жатат. 

  • Бишкекте Медеров менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу жөө адамды коюп кетти
    Бишкекте Медеров менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу жөө адамды коюп кетти
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
  • Аял ооруканага жеткирилген. Ал эми күнөөкөр милиция тарабынан изделип жатат.
    Аял ооруканага жеткирилген. Ал эми күнөөкөр милиция тарабынан изделип жатат.
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
1 / 2
© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
Бишкекте Медеров менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу жөө адамды коюп кетти

Тема боюнча

Ноокатта жол тандабас май ташуучу унаа менен кагышып 25 жаштагы жигит көз жумду
Сирена менен бараткан унаа автоинспекторду коюп кете жаздаган, айдоочу кармалды
Белгилер:
жол кырсык, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ