Ысык-Көлдө 9 жашар баланын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие уголовного дела в КР
Открытие уголовного дела в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүлөрдүн ким экени аныкталып, бирок кармала элек.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда 9 жашар баланын өлтүрүлүшү боюнча милиция кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

9 жашар баланын сөөгү Чолпон-Ата шаарынын четинен табылган. Алдын ала маалымат боюнча аны муунтушкан. Сот-медициналык экспертиза дайындалып, Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

"Милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн аты-жөнүн тактады, бирок алар кармала элек", — деп милициядан маалымдашты.

Буга чейин укук коргоо органдарындагы булак милиция кызматкерлери шектүүлөрдү автоунаанын дөңгөлөгүнүн изи менен аныкташканын билдирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0