Нарындын Ат-Башы районунда жер силкинди

Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Нарындын Ат-Башы районунда күчү 3 баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жер титирөө 26-сентябрда түнкү саат 2:34тө болгон.

"Жер титирөө Ат-Башы районунун Өзгөрүш, Ак-Муз, Талды-Суу айылдарында 3 баллга, Ак-Моюн айылында 2,5 баллга чейин сезилген", — деп жазылат маалыматта.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0