БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев Белизден келген документтер боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылганын Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн парламент УКМК менен Башкы прокуратуранын маалыматын угуп жатат.
Дүйшөмбиев Башкы прокуратурага Белизден келди делген документтер 2016-жылы ноябрь айында келип түшкөнүн айтты.
"Бул материалдардын аныктыгын, трасттык декларацияда көрсөтүлгөн үч депутат мамлекеттик органдарга таасир бергенби деген маселени жумушчу топ карап чыккан. Тийиштүү адамдар суралды. Быйыл 31-июлда ушул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык кылмыштын белгиси жок болгондуктан иш козгоодон баш тартылды", — деди ал.
Ошол эле учурда башкы прокурордун орун басары башкы көзөмөл органдын тийиштүү башкармалыгы кылмыш козгобоо боюнча токтомду жокко чыгарганын билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы өзүнүн жыйынында Белизден келген документтердин чын-төгүнүн бышыктоо үчүн УКМКнын ички териштирүү кызматынын жүргүзгөн иликтөөсүнүн жыйынтыгын уккан. Анда Белиз мамлекетинен эч кандай документ келбегени айтылган.