Сегизбаевдин калпы чыктыбы? УКМКнын комиссиясы иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды

Жазылуу
2016-жылы Абдил Сегизбаев УКМКны жетектеп турган учурда Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовдун мыйзамсыз аракеттерин далилдеген трасттык документтер Белизден келгенин айтып, аны парламентте көрсөткөн.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы Белиз мамлекетинен алынган MegaCom компаниясы боюнча трасстык документтерге байланышкан кырдаал тууралуу тийиштүү мекемелердин баяндамасын укту.

Жыйынга келген УКМКнын өздүк коопсуздук башкармалыгынын башчысы Бакытбек Мусуралиев Белизден келген документтердин чоо-жайын иликтеген комиссиянын чыгарган корутундусу тууралуу маалымат берди.

"Комиссия кызматтык иликтөө учурунда УКМКга тийиштүү бардык оперативдик башкармалыктардан жана катчылык аркылуу маалымат алганда 2016-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин MegaCom компаниясына тиешелүү акциялар боюнча трасстык документтерди Белиз мамлекетинен УКМКнын дарегине келип түшпөгөнү жана бул документтер УКМКда катталбагандыгы аныкталган. Бул материалдар башкы прокуратурага 2018-жылдын 13-июлунда түп нускада жиберилген. Текшерүү учурунда УКМКнын кызматкерлери Мусаканов менен Кенжешева Белиз мамлекетине атайын барып трасстык документтерди алып келди деген маалыматтар дагы негизсиз экени анык болду", — деди ал.

Мусуралиев аты аталган кызматкерлер — Мусаканов менен Кенжешева Белизге эмес, бирөө Москвага, экинчиси Ташкент менен Пекинге барып келгенин белгиледи.

Экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жолдубаева менен Сегизбаев өлкөдөн чыгып кеттиби? Укук коргоо органдары эмне дейт
"УКМКнын кадрлар жана финансы башкармалыктарынан алынган маалыматтар боюнча Мусаканов 2016-жылдын 18-декабрынан 21-декабрына чейин алты кишиден турган делегациянын курамында иш сапары менен Москва шаарында болгону тастыкталган. Ал эми Кенжешева 2016-жылдын ноябрь айында башка кызматкерлер менен Ташкент шаарына бир жумалык кызматтык иш сапарына баргандыгы, 2017-жылдын январь айында үч күнгө Кытайдын Пекин шаарында иш сапарында болгону тастыкталган", — деди ал.

УКМКнын өздүк коопсуздук башкармалыгынын башчысы Бакытбек Мусуралиев Абдил Сегизбаев комиссияга берген түшүнүк катында бул маалыматтарды ыкчам булактардан алганын жазып бергенин билдирди.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов 2016-жылы ноябрда Абдил Сегизбаев Белизден келген документ деп парламентке, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге көрсөткөнүн айтты. Сегизбаев ал документте Жогорку Кеңештин үч депутаты — Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянованын MegaCom ишканасына тиешелүү компанияда сегиз пайыздан үлүшү бар, алардын базар наркы 23 миллион турат деп жалпы коомчулукка чыгарганын кошумчалады.

"Биз Лондондон адвокаттарды жалдап, алар тез аранын ичинде Белизден келген кагаздардын бардыгы такыр эле башка документтер экенин айтышкан", — деди Шыкмаматов.

Белгилей кетсек, Абдил Сегизбаев УКМКнын төрагасы болуп турган учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевге жолугуп, Жогорку Кеңештин үч депутаты MegaCom компаниясын сатууга кызыкдар болгонун күбөлөндүргөн документтерге ээ болгонун айтып берген

Sputnik Кыргызстан агенттиги учурда жаралган маселе боюнча Алмазбек Атамбаевден комментарий алуу үчүн аны менен байланыша алган жок. Бирок Атамбаев учурда лидерлик кылган КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева менен байланышканыбызда жаралган кырдаал боюнча Сегизбаев өзү жооп берерин айтты.

"Ал документти Абдил Сегизбаев көрсөткөн, андыктан өзү жооп берсин", — деди Жолдубаева.

Эске салсак, 2016-жылдын ноябрында УКМКнын ошол учурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, Борбордук Америкадагы Белиз мамлекетинин расмий органдарынан траст документтерин алганын маалымдаган

Митинг. Архив - Sputnik Кыргызстан
Митингдер күтүлбөйбү? Эксперттер бийликке болгон элдин ишеними туурасында
Ал документтер 2012-жылы апрелде "Альфа Телеком" ЖАКтын ошол учурга карата акцияларынын улутташтырыла элек бөлүгүн (акциялардын 50%дан ашыгы) сатуудан түшкөн 50 миллион АКШ долларынан ашык суммасын "Саутфилд" компаниясынын (божомолдор боюнча анын ээси Максим Бакиев болуп саналат) алышына мурдагы жогорку кызматтагы үч адамдын кызыкдар болгонун тастыктай турганы айтылган.

Президент бул маалыматтын чын-төгүнүн текшерүүнү башкы прокурорго тапшырганы маалым

Парламенттин жыйынында Сегизбаев кеп "ата мекенчилер" Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов жөнүндө болуп жатканын айткан. Өз кезегинде аталган депутаттар күнөөсү жок экенин айтып, мындай аракетти саясий куугунтук катары баалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0