Сууга түшүп кеткен 4 жашар наристенин сөөгү бир жумадан кийин табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековСуучул издөө иштери учурунда. Архив
Суучул издөө иштери учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөбөк Кара-Суу суусуна 5-сентябрь күнү агып кеткен.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Көк-Бел айылында сентябрь айынын башында сууга түшүп кеткен төрт жашар наристенин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, наристе Кара-Суу суусуна 5-сентябрь күнү агып кеткен.

Ошондон бери куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, бирок жыйынтыгын бербей келген.

Ал эми 13-сентябрь күнү саат 15.00 чамасында туугандары наристенин сөөгүн өздөрү таап алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0