20:04 03 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
242 0 0

ВГТРКнын өкүлдөрүнүн үй-бүлөсү Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы пансионаттарынын биринде 9-июлга караган түнү каракталган.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бүткүл россиялык мамлекеттик теле көрсөтүү жана радио уктуруу компаниясынын Кыргызстандагы өкүлдөрү Ысык-Көлдө аларды карактагандарды тааныды. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Подозреваемые в ограблении представителей ВГТРК на Иссык-Куле
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
Подозреваемые в ограблении представителей ВГТРК на Иссык-Куле

Журналист Инесса Ткаченконун үй-бүлөсү жайгашкан биринчи кабаттагы номерге кылмышкер 9-июлга караган түнү кирип келип, ири суммадагы акча, чөнтөк телефон жана документтерди уурдап кеткен

Үй-бүлө мүчөлөрү номерге кирип, бейтааныш киши жүргөнүн көрүп калганда берки качып, журналисттин кичүү кызы артынан кууган.

Милициянын маалыматына караганда, уурулар Нарын облусунда туулгандар болуп чыкты.

"Буга чейин Ысык-Көлгө Өзбекстандан келип эс алып жаткандардын буюмдарын уурдагандар 36 жана 22 жаштагы эки тургун кармалган. Алардын сүрөтү бир катар ЖМКларда жарыяланып, алардан жабыр тарткандар болсо кайрылгыла деген өтүнүч кошо жазылган эле. Ткаченконун кызы уурунун артынан кууп барганда бетин караганга үлгүрүп калыптыр. Алар милицияга кайрылып, кыз аларды тааныгандыгын айткан", — деди аталган облустун милициясынын өкүлү.

Тартип сактоочулар убактылуу кармоо жайында жаткан шектүүлөрдү алып келип, беттештиргенде жабырлануучулар аларды тааныган. Ошентип аталган эки кишиге Кылмыш кодексинин 167-беренеси менен иш козголгон. Милиция аларга бүгүн күнөө коюла тургандыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Кырчында британиялык аскер атташеси кымбат баалуу техникасын уурдатты
Көлдө ВГТРКнын Кыргызстандагы өкүлү каракталды
Белгилер:
милиция, уурулук, карактоо, пансионат, журналист, Ысык-Көл

ЭҢ МААНИЛҮҮ