Сахалинде кыргыз мигранттары иштеген эски завод урап эки адам каза болду

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүРабота станции скорой помощи им. А. С. Пучкова в Москве
Работа станции скорой помощи им. А. С. Пучкова в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уранды алдында калган бир кыргызстандыктын сөөгүн бир суткадан кийин алып чыгышты, экинчиси табыла элек.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Сахалин облусунун Поронайски шаарында мурда кагаз чыгарган комбинатынын чатыры урап, анда иштеп жаткан Кыргызстандын жана Тажикстандын бирден жараны каза болду. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-августта эски заводду бузуу иштерин 10 киши аткарып жаткан. Бир маалда алардын үстүнө имараттын чатыры урап түшкөн.

"ӨКМдин Сахалин облустук бөлүмүнүн маалыматы боюнча беш кыргызстандык ар кандай жаракат алып ооруканага жеткирилген. Экөө коопсуз жайда болгондуктан жабыркаган эмес. Дагы эки жаран калдыктардын астынан чыга албай калган. Алардын бирөөсүнүн сөөгү бүгүн табылды. Экинчиси изделип жатат. Кырсыктан Тажикстандын да бир жараны каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

РИА Новостинин маалыматы боюнча, кырсыктан төрт кишинин ар кайсы жери сынып травматология бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми дагы бир жаран бир суткадай реанимацияда болгон. Учурда анын абалы турукташып калганы айтылат.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Сахалиндин жергиликтүү бийлиги менен байланышта болуп окуянын жүрүшүнө көз салып турмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0