Аламүдүндө мөңгүдөн таш кулап жети турист жабыркады. Тик учак эртең барат

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүТуристы в горах. Архивное фото
Туристы в горах. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тик учак 31-июль күнү эртең менен эрте туристтер калган жерге уча турган болду.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Аламүдүн районуна караштуу деңиз деңгээлинен 4100 метр бийиктикте жайгашкан №9 Скрябин мөңгүсүнөн таш кулап жети турист жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Алдын ала маалыматтар боюнча окуя бүгүн, 30-июлда саат 13.00дөр чамасында болгон.

"Туристтер мөңгүгө чыгып баратканда таш кулап, бардыгы жабыркаган. Алдын ала маалыматтар боюнча алар Казакстандын жарандары. Аларды эвакуациялоо үчүн ӨКМ тарабынан Казакстандын ИИМ жетекчилигине кат жолдонду", — деп айтылат маалыматта.

Тик учак 31-июль күнү эртең менен эрте туристтер калган жерге уча турган болду. Кошумча маалымат берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0