Сузакта эс алуу жайдан жоголгон беш жашар кыздын сөөгү табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРВвод чрезвычайной ситуации в Алайском р-не Ошской области
Ввод чрезвычайной ситуации в Алайском р-не Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш жашар кыз 18-июлда түштө ойноп жаткан жеринен жоголуп кеткен.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма аймагындагы эс алуу жайынан жоголуп кеткен 5 жашар кыздын сөөгү табылганын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Операция по поиску шестилетнего Миши в БЧК в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Агымы күчтүү каналдан бөбөктү издеген ыктыярчы: көз алдыма маркум иним тартылды
Буга чейин маалымдалгандай 18-июлда түшкү саат 12:00дөр чамасында эс алуу жайында ойноп жаткан жеринен беш жашар кызды атасы таппай калган болчу. Өз алдынча издөө аракеттеринен майнап чыкпагандыктан, жакындары куткаруучуларга кайрылган.

19-июлда кызды 10 куткаруучу, 5 милиция кызматкери жана сегиз жай тургун издеген. Саат 11:30дар чамасында кыздын сөөгү жоголгон жерден 500 метрдей алыс жерден табылган. Алдын ала маалымат боюнча ал сууга чөгүп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0