Чүй милициясынын мурдагы башчысын бычактады деп жубайы кармалды

© © Sputnik  / Медиабанкка өтүүЗаседание суда по делу И.Тимошенко, заморозившей своих детей
Заседание суда по делу И.Тимошенко, заморозившей своих детей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурлан Сарчаев кечээ Чүй облустук ооруканасына жеткирилип, операция жасалган.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Нурлан Сарчаевдин бычакталышы боюнча аялына карата кылмыш иши козголду. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

"17-июлда Сарчаевдин аялы, 34 жаштагы Н.Б. Бишкектеги убактылуу кармоо жайына киргизилди. Ага карата Кылмыш кодексинин 234-беренесинин негизинде иш козголду", — деп айтышты милициядан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, үй-бүлөлүк чатак чыгып кетип, аялы күйөөсүн бел тараптка бычак менен сайып жиберген.

Нурлан Сарчаев кечээ бычак жеп, Чүй облустук ооруканасына жеткирилип, операция жасалгандыгы кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0