Прокуратура Балыкчы — Корумду жолун салууда миллиондор желгенин айтты. Чоо-жайы

Жазылуу
Учурда Кылмыш жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду унаа жолун реконструкциялоо үчүн консультациялык кызматтарды пайдаланууда мыйзамсыз негизде бюджеттик каражат короп кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, текшерүү иштерин Башкы прокуратура менен УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын өкүлдөрү жүргүзгөн.

"2015-жылдын 17-декабрында Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти "К" аттуу консалтинг компаниясы менен жолду реконструкциялоо иштери боюнча консультациялык кызматтарды алуу үчүн келишим түзгөн. Бирок келишим "мамлекеттик сатып алуулар" мыйзамын бузуу менен түзүлгөн. Тагыраагы, компаниянын кызматы үчүн төлөнө турган сумма 16 миллион 284 сомго кымбат көрсөтүлгөн. Натыйжада өлкөгө ири суммадагы зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Аталган фактыларга ылайык, Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин 166 (алдамчылык), 304 (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренелери (КРдин кызыкчылыктарын эске албастан мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Учурда кылмыш иши тергөө органдарына жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0